«МИК» ААКтын өнөктөш банктары 1-октябрдан баштап арыз алууну токтотот

2021-жылдын 1-октябрынан тартып өнөктөш болгон «Бакай Банк» ААКсы, «Айыл Банк» ААКсы жана «РСК Банк» ААКсы «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында «Жеңилдетилген ипотека» (бюджеттик сектордун кызматкерлери) багытында берилчү ипотекага арыздарды кабыл алууну убактылуу токтотушат.

Бул чөйрөдө ипотекалык кредитке болгон суроо-талаптын көптүгүнөн улам, учурда «МИК» ААКтын өнөктөш банктары белгиленген лимиттеги каражаттардын чегинде кредитке арыздарды кабыл (каражаттар чектелген) алышкан.

Эскерте кетсек, кредиттер төмөндөгү багыттар боюнча берилип жаткан:

  1. «Жеңилдетилген ипотека» турак жай сатып алуу жана жеке турак жай куруу үчүн.
  2. «Арзан ипотека» турак жай сатып алуу жана жеке турак жай куруу үчүн.