> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош – Стамбул авиакаттамы 8 жылдан кийин жанданды
- URL: https://im.kg/all/2021/10/01/osh-stambul-aviakattamy-8-zhyldan-kijin-zhandandy/
- Published: 2021-10-01T13:28:05.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Ош» эл аралык аэропорту 2021-жылдын 1-октябрында Стамбул шаарынан 8 жылдан бери уча элек авиакаттамды салтанаттуу түрдө тосуп алды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.** 

Салтка айлангандай, «Пегасус» авиакомпаниясынын Боинг 737 учагын суу аркасы менен тосуп алышты. 

> «Стамбул – Ош – Стамбул» багыты боюнча каттам жандандырылып, бүгүнкү күндү тарыхый күн деп айтууга болот. Аталган багыт боюнча каттамдар 8 жылдан бери аткарылган эмес. Бул өлкөбүздүн экономикалык потенциалын жогорулатат», – деп «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын Инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү иштери боюнча башкы директордун орун басары Абдималик Бусурманкулов билдирди. 

Буга карай, «Пегасус» авиакомпаниясынын өкүлү Юсуф Эрман бул каттамды ачуу үчүн 2 жылдай убакыт талап кылынгандыгын белгилеп өттү. 

> «Мындан тышкары, бул каттамдын ачылышы Кыргызстандын жалпы түштүк аймагына жана Ош шаарына чоң жарнама боло тургандыгын белгей кетүүгө болот», – деп билдирди. 

Стамбул-Ош-Стамбул багыты боюнча каттам үзгүлтуксүз **жумасына 3 жолу** аткарылат.