Ош – Стамбул авиакаттамы 8 жылдан кийин жанданды

«Ош» эл аралык аэропорту 2021-жылдын 1-октябрында Стамбул шаарынан 8 жылдан бери уча элек авиакаттамды салтанаттуу түрдө тосуп алды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.

Салтка айлангандай, «Пегасус» авиакомпаниясынын Боинг 737 учагын суу аркасы менен тосуп алышты. 

«Стамбул – Ош – Стамбул» багыты боюнча каттам жандандырылып, бүгүнкү күндү тарыхый күн деп айтууга болот. Аталган багыт боюнча каттамдар 8 жылдан бери аткарылган эмес. Бул өлкөбүздүн экономикалык потенциалын  жогорулатат», – деп «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын Инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү иштери боюнча башкы директордун орун басары Абдималик Бусурманкулов билдирди. 

Буга карай, «Пегасус» авиакомпаниясынын өкүлү Юсуф Эрман бул каттамды ачуу үчүн 2 жылдай убакыт талап кылынгандыгын белгилеп өттү. 

«Мындан тышкары, бул каттамдын ачылышы Кыргызстандын жалпы түштүк аймагына  жана  Ош шаарына чоң жарнама боло тургандыгын белгей кетүүгө болот», – деп билдирди.   

Стамбул-Ош-Стамбул багыты боюнча каттам үзгүлтуксүз жумасына 3 жолу аткарылат.