> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы ишкерлерге ККМ таратып, аны кантип колдонууну да үйрөтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/10/01/salyk-kyzmaty-ishkerlerge-kkm-taratyp-any-kantip-koldonuunu-da-jr-t-t/
- Published: 2021-10-01T12:16:47.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Cалык кызматы контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын долбоорунун катышуучуларын жума сайын МСКнын имаратында шейшемби жана бейшемби күндөрү саат: 15.00дө өтүүчү техникалык семинарга катышууга чакырат.**

> Семинардын жүрүшүндө адистер катышуучуларга **аппараттык ККМ таратып, системанын ишин көрсөтөт, ошондой эле пилоттук ККМди колдонуу тартиби** жана **иштеши** тууралуу түшүндүрүшөт.

- Өткөрүлүүчү иш-чаранын дареги: Бишкек ш., Чүй проспекти, 219.
- Сурап-билүү жана каттоо телефондору: 0312 61-17-46, 0556 87-08-71\.

Эскерте кетсек, Салык кызматы ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорун ишке киргизди. Долбоордун максаты — колдонулуучу ККМди модернизациялоо жана фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде чогултуу, оңдолбогон түрдө сактоо, иштеп чыгуу жана берүү технологияларын апробациялоо.