> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-2025-жылдарга электр энергиясына тарифтер бекитилди – ким канчадан төлөйт?
- URL: https://im.kg/all/2021/10/02/2021-2025-zhyldarga-elektr-energiyasyna-tarif-bekitildi-kim-kanchadan-t-l-jt/
- Published: 2021-10-02T20:05:48.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.**

> Кабыл алынган Орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, калк үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт жана **кВт/саатына 0.77** жана **2.16 сом** деңгээлинде калат. Айына 700 кВт/саатка чейин керектөө менен тариф кВ/саатына – 0.77 сомду, айына 700 кВт/сааттан **жогору** болсо, тариф **кВт/саатына 2.16** сомду түзөт.

**Бийик тоолуу** жана **алыскы райондордо** жашаган керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын керектөө нормасы **жокко** чыгарылды, башкача айтканда кВт/саатына 0.77 сом тарифи чектөөсүз иштейт.

> Социалдык балдар мекемелери, электр транспорту, диний уюмдар үчүн өзүнчө тарифтер 1 кВтс үчүн 168 тыйын деңгээлинде (салыктарды эске албаганда) белгиленет. Мында социалдык балдар мекемелери жана электр транспорту үчүн жогорулоо 10 тыйын же 6.3%ды түзөт, ал эми диний уюмдар үчүн тариф 56 тыйынга төмөндөтүлгөн.

#### **Жогорулатуу төмөнкү категорияларга тийиштүү:**

- **насостук станциялар,** алар үчүн тариф кВт/сааты 1.09 сомду түзүп, 31.6 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда)
- **бюджеттик, өнөр-жай, айыл чарба** жана башка керектөөчүлөр үчүн, алар үчүн тариф кВт/саатына 2.52 сомду түзүп, 28 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда)
- жогорулатуучу коэффициенттер колдонулчу **коммерциялык түзүмдөрдүн** энергия сыйымдуу керектөөчүлөрү (майнинг субъектилери, алтын өндүрүүчү компаниялар, куюу цехтери, алкоголдук өндүрүш, цемент заводдору).

Кийинки жылдары **тарифтердин өзгөрүүсү инфляциянын деңгээлин** эске алуу менен ишке ашырылат. Алынган каражаттар жабдууларды жаңыртууга, трансформатордук көмөкчордондорду орнотууга, электр линияларын курууга жана генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга жумшалат.

2021-жылы калк үчүн жылытуу тарифи өзгөрбөйт.

> Кийинки жылытуу мезгилинен тарта калк үчүн тарифтер 10% га жогорулайт (орточо эсеп менен 1 бөлмөлүү батирди жылытуу үчүн төлөмдүн айырмасы айына болжол менен 82 сомду же жылытуу мезгилине 410 сомду түзөт). 

2021-жылы калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер дагы өзгөрүүсүз калат жана Гкал/981.76 сомду түзөт. **Келерки жылдан тарта** калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер **14%га жогорулайт**. 

Орто эсеп менен бир кишиге ысык суу үчүн төлөмдүн айырмасы айына м3/34.5 сомду түзөт. Бул бир нече жылдан кийин ысык суу менен камсыздоонун наркына жетүүгө мүмкүндүк берет, натыйжада, жылуулук тармактарын алмаштырууну жана реконструкциялоону, жылуулук пункттарын модернизациялоону, жаңы абоненттердин кошулуусун камсыздайт.