> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 4-октябрда Улуттук банк МКОлорду кошумча жайгаштырууну ишке ашырат
- URL: https://im.kg/all/2021/10/02/4-oktyabrda-uluttuk-bank-mkolordu-koshumcha-zhajgashtyruunu-ishke-ashyrat/
- Published: 2021-10-02T22:15:45.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүрсүгүнү, 4-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы мамлекеттик 2 жылдык казына облигацияларын аукциондон тышкары жайгаштырууну [ишке ашырат](https://www.nbkr.kg/newsout.jsp?item=30&lang=KGZ&material=104926). Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымат берилди.**

Мамлекеттик баалуу кагаздардын кошумча эмиссиясынын көлөмү **500 млн сомго** пландаштырылууда.

> Облигациялардын кирешелүүлүгү **8.89%** болсо, бир баалуу кагаздын наркы **93.01 сомду** түзөт.

| Эмиссиянын №                             | GBA02231004 |
| ---------------------------------------- | ----------- |
| Кошумча жайгаштыруунун көлөмү (млн. сом) | 500.00      |
| Кирешелүүлүк (%)                         | 8.89        |
| Баасы (сом)                              | 93.01       |
| Чыгаруу күнү                             | 04.10.2021  |
| Төлөө мөөнөтү                            | 04.10.2023  |