4-октябрда Улуттук банк МКОлорду кошумча жайгаштырууну ишке ашырат

Бүрсүгүнү, 4-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы мамлекеттик 2 жылдык казына облигацияларын аукциондон тышкары жайгаштырууну ишке ашырат. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымат берилди.

Мамлекеттик баалуу кагаздардын кошумча эмиссиясынын көлөмү 500 млн сомго пландаштырылууда.

Облигациялардын кирешелүүлүгү 8.89% болсо, бир баалуу кагаздын наркы 93.01 сомду түзөт.

Эмиссиянын № GBA02231004 
Кошумча жайгаштыруунун көлөмү (млн. сом) 500.00 
Кирешелүүлүк (%) 8.89 
Баасы (сом) 93.01 
Чыгаруу күнү 04.10.2021 
Төлөө мөөнөтү 04.10.2023