> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Ишкердикти өнүктүрүү фондунун» ААК МККнын директорлор кеңешинин курамы өзгөрдү
- URL: https://im.kg/all/2021/10/02/ishkerdikti-n-kt-r-fondunun-aak-mkknyn-direktorlor-ke-eshinin-kuramy-zg-rd/
- Published: 2021-10-02T21:55:56.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:15:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК МККнын директорлор кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.**

Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-сентябрында директорлор кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өткөн.

Жыйындын жыйынтыгында директорлор кеңешинин мүчөсү Чыңгыз Жумалиевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын ордуна бул кызматка **Эрмек Амантуров** дайындалган.