«Ишкердикти өнүктүрүү фондунун» ААК МККнын директорлор кеңешинин курамы өзгөрдү

«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК МККнын  директорлор кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-сентябрында директорлор кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өткөн.

Жыйындын жыйынтыгында директорлор кеңешинин мүчөсү Чыңгыз Жумалиевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын ордуна бул кызматка Эрмек Амантуров дайындалган.