Президент: LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты, бирок кам санабаңыздар

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында Кумтөр маселеси жана Женевада өткөн сүйлөшүүлөр жөнүндө пикирин жазды.

Анда Женевадагы сүйлөшүүлөр канадалыктардын суранычы менен ишке ашканын жана ал жака кыргыз бийлигинин атынан төрт адам барганын билдирген.

«Биздин сураныч менен эмес, «Центерранын» суранычы менен Женева шаарында сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бизден төрт киши барды. Жыйынтыгын алар келгенде угабыз. Ал эми LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып», – деп жазган президент.

Андан тышкары, эл аралык сот тууралуу да пикирин билдирип, мындан ары алтынды казып ала беребиз деген.

«Эл аралык соттон утулуп калсак – эмне болот дегендер да бар экен. Утулбайбыз, утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? Кумтөрдү көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го? Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт», – деди өлкө башчы.