> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк төрт коммерциялык банктын кызмат ордуна талапкерлерди бекитти
- URL: https://im.kg/all/2021/10/03/uluttuk-bank-t-rt-kommerciyalyk-banktyn-kyzmat-orduna-talapkerlerdi-bekitti/
- Published: 2021-10-03T21:51:07.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк республиканын төрт коммерциялык банкынын кызмат ордуна талапкерлерди бекитти. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымат [жарыяланды. ](https://www.nbkr.kg/newsout.jsp?item=31%E2%8C%A9=RUS&material=104925)**

УБнын 2021-жылдагы 30-сентябрындагы чечимдерине ылайык:

- **«Айыл Банктын»** тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин төрагалыгына **Нургазы Абдрашев** бекитилди
- Ал эми ушул эе банктын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсүнүн кызматына болсо **Каныбек Айдаров** бекитилди
- **Анна Колесникова** **«Кыргызкоммерцбанк»** ААКсынын ички аудит кызматынын башчысы болуп дайындалды
- **Темирбек Акматалиев** **«РСК Банкынын»** Директорлор кеңешинин жана тобокелдиктерди башкаруу комитетинин төрагасы кызматын аркалайт
- **Анара Токоева** **«Халык Банктын»** башкы бухгалтеринин орун басары болуп дайындалды.