Улуттук банк төрт коммерциялык банктын кызмат ордуна талапкерлерди бекитти
Улуттук банк республиканын төрт коммерциялык банкынын кызмат ордуна талапкерлерди бекитти. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымат жарыяланды.
УБнын 2021-жылдагы 30-сентябрындагы чечимдерине ылайык:
- «Айыл Банктын» тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин төрагалыгына Нургазы Абдрашев бекитилди
- Ал эми ушул эе банктын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсүнүн кызматына болсо Каныбек Айдаров бекитилди
- Анна Колесникова «Кыргызкоммерцбанк» ААКсынын ички аудит кызматынын башчысы болуп дайындалды
- Темирбек Акматалиев «РСК Банкынын» Директорлор кеңешинин жана тобокелдиктерди башкаруу комитетинин төрагасы кызматын аркалайт
- Анара Токоева «Халык Банктын» башкы бухгалтеринин орун басары болуп дайындалды.