> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы Улуттук банк өзгөрүлмөлүү валюта курсунун режимин кармоону улантат
- URL: https://im.kg/all/2021/10/04/2022-zhyly-uluttuk-bank-zg-r-lm-l-akcha-almashtyruu-rezhimin-saktajt/
- Published: 2021-10-04T10:16:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Акча-кредиттик саясаттын экономикага эффективдүү таасиринин маанилүү шарты –** **бул өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу болуп саналат. Бул тууралуу Кыргызстандын 2022-2024-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү божомолунда айтылат.**

Буга байланыштуу, Улуттук банк 2022-жылы суроо-талапка негизделген рыноктук механизмдер аркылуу түзүлгөн КР тарабынан кабыл алынган **өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун режимин сактоону** пландап жатат.

Бул режимде Улуттук банк ички валюта рыногунун **катаал жөнгө салуучусу болуп саналбайт** жана алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн тенденциясын аныктабайт, болгону алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн гана көзөмөлдөп турат.