2022-жылы Улуттук банк өзгөрүлмөлүү валюта курсунун режимин кармоону улантат

Акча-кредиттик саясаттын экономикага эффективдүү таасиринин маанилүү шарты  – бул өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу болуп саналат. Бул тууралуу Кыргызстандын 2022-2024-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүү божомолунда айтылат.

Буга байланыштуу, Улуттук банк 2022-жылы суроо-талапка негизделген рыноктук механизмдер аркылуу түзүлгөн КР тарабынан кабыл алынган өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун режимин сактоону пландап жатат.

Бул режимде Улуттук банк ички валюта рыногунун катаал жөнгө салуучусу болуп саналбайт жана алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн тенденциясын аныктабайт, болгону алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн гана көзөмөлдөп турат.