> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда ысык суу менен жылытуунун тарифи жыл сайын 10%га көтөрүлөт
- URL: https://im.kg/all/2021/10/04/kyrgyzstanda-ysyk-suu-menen-zhylytuunun-tarifi-zhyl-sajyn-10-ga-k-t-r-l-t/
- Published: 2021-10-04T15:14:59.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда ысык суу менен жылытуунун тарифи жыл сайын 10%га көтөрүлөт. Тарифтерди көтөрүү 2022-жылдан тартып башталат. Бул чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.** 

> «Орто мөөнөттүү тарифтик саясат орто мөөнөттүү мезгилде жылуулук энергиясына тарифтер менен наркын жабууга жетүүнү жана андан ары аларды жыл сайын өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциясынын дэңгээлине карата түзөтүп турууну болжолдойт», — деп айтылат документте.

Берилген маалыматка ылайык, тарифтердин түрү бир нече топко бөлүнгөн:

- калк
- өнөр жай
- бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган керектөөчүлөр)
- башка керектөөчүлөр.

«Калк» тобуна киргендер: турак жай үйлөрү, батирлер, батир тибиндеги жатаканалар, коммерциялык эмес типтеги окуу жайлардын, мектеп-интернаттардын жатаканалары, аскерлештирилген мекемелердин гарнизондорунун казармалары жана жатаканалары, түзөтүүчү мекемелердин тергөө изоляторлору жана башка министрликтердин жана ведомстволордун турак жай зоналары.

> Ал эми ысык сууга болгон тариф, тарифтик сеткага ылайык, жылына **14.1%га чейин** 2025-жылга дейре жогорулайт. Өнөр жай үчүн тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша көтөрүлөт.