Кыргызстанда ысык суу менен жылытуунун тарифи жыл сайын 10%га көтөрүлөт

Кыргызстанда ысык суу менен жылытуунун тарифи жыл сайын 10%га көтөрүлөт. Тарифтерди көтөрүү 2022-жылдан тартып башталат. Бул чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

«Орто мөөнөттүү тарифтик саясат орто мөөнөттүү мезгилде жылуулук энергиясына тарифтер менен наркын жабууга жетүүнү жана андан ары аларды жыл сайын өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциясынын дэңгээлине карата түзөтүп турууну болжолдойт», — деп айтылат документте.

Берилген маалыматка ылайык, тарифтердин түрү бир нече топко бөлүнгөн:

  • калк
  • өнөр жай
  • бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган керектөөчүлөр)
  • башка керектөөчүлөр.

«Калк» тобуна киргендер: турак жай үйлөрү, батирлер, батир тибиндеги жатаканалар, коммерциялык эмес типтеги окуу жайлардын, мектеп-интернаттардын жатаканалары, аскерлештирилген мекемелердин гарнизондорунун казармалары жана жатаканалары, түзөтүүчү мекемелердин тергөө изоляторлору жана башка министрликтердин жана ведомстволордун турак жай зоналары.

Ал эми ысык сууга болгон тариф, тарифтик сеткага ылайык, жылына 14.1%га чейин 2025-жылга дейре жогорулайт. Өнөр жай үчүн тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша көтөрүлөт.