> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын ак балы Дубай Моллдо Balqees компаниясы тарабынан сатылат
- URL: https://im.kg/all/2021/10/04/kyrgyzstandyn-ak-baly-dubaj-molldo-balqees-kompaniyasy-tarabynan-satylat/
- Published: 2021-10-04T10:48:39.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Balqees компаниясы Кыргызстандын ак балын Дубай Моллдо сатыкка чыгарып келет. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучулардын бири «Кыргызстандык азыктарды сатып ал! Өндүрүш өнүгүүнүн негизи!» ([Покупай Кыргызское! Производство основа развития!](https://www.facebook.com/groups/726791410771877/?hoisted%5Fsection%5Fheader%5Ftype=recently%5Fseen&multi%5Fpermalinks=4262438260540490&%5F%5Fcft%5F%5F%5b0%5d=AZXfTkix6tME0ECsE%5FcKbB-bF%5FzSguGpbcpI5Ax4qRd0gJgs2Ozl1b274EfZTGlfqgrjjaj6Une2u2qhJSjjTX-3T6%5FfzESL3fVdZWKHrF-%5FlYW95dCUKm9bSr%5FoSQ3E8oRK-oYrKOKpDVFdwuD5tjH3bxHEOtAA5Qi0Cd6biH0EHKyqUay7QRt8ei7v52BKXrrpRNBUdFaVT45oVS-2GtU4&%5F%5Ftn%5F%5F=-UC%2CP-R)) баракчасында билдирген.**

Анын айтымында, компаниянын директору Риад Хамид 2013-жылы Дубай Моллдо дүкөн ачып, ал жерде ак балды сата баштаган. Ал кезде ак бал тууралуу эч кимдин деле толук маалыматы болгон эмес. Кийинчерээк анын кардарлары көбөйүп, соодасы жүруп баштаган. 

Фейсбук колдонуучунун берген маалыматына караганда, балды Кыргызстанда Максим Ильященко деген бал челекчи өндүрөт жана анын балы крем сыяктуу болуп, кошумча эч нерсе кошулбайт.

Ошондой эле арап бизнесмен бул бал менен 2019-жылы Лондондо өткөн эл аралык бал ярмаркасында алтын медалды жеңип алган.