> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Оптима банк» First Heartland Jusan Bank (FHJB) АКнын менчигине өттү
- URL: https://im.kg/all/2021/10/04/optima-bank-first-heartland-jusan-bank-fhjb-aknyn-menchigine-tt/
- Published: 2021-10-04T14:49:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«АТФБанктын» First Heartland Jusan Bank ААК менен ыктыярдуу түрдө биригүү жөнүндө чечими акционерлер тарабынан ушул жылдын 16-мартында кабыл алынган. Мындан тышкары, 3-сентябрда өткөрүп берүү актысы бекитилген, ага ылайык, «АТФБанк» ААКнын бардык мүлкү, укуктары жана милдеттери FHJB ААКсына өткөрүлүп берилген. Анын ичинде Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген «Оптима Банк» да бар.**

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Банктын акционерлеринин реестринде акциялардын 5 жана андан ашык пайызына ээ болгон баалуу кагаздардында өзгөрүүлөр болгон, тактап айтканда, «АТФБанк» ААКы FHJB ААК менен алмаштырылган.

Ошол эле учурда, «АТФБанк» ААКнын FHJB ААК менен биригиши, банктын **уставдык капиталындагы үлүшүнүн өзгөрүшүнө алып келген эмес.** 

Аталган банк Казакстандын жана Кыргызстандын көзөмөл органынан уруксат алгандан кийин, Jysan Bank «Оптима Банктын» башкы компаниясы болгон «АТФБанктын» 99.76% акцияларын сатып алган.

Жогорудагы маалыматтарга карабастан, «Оптима Банк» ААКнын учурдагы бардык кызматтары адаттагыдай эле ишин уланта берээрин белгилей кетүү керек.