«Оптима банк» First Heartland Jusan Bank (FHJB) АКнын менчигине өттү
«АТФБанктын» First Heartland Jusan Bank ААК менен ыктыярдуу түрдө биригүү жөнүндө чечими акционерлер тарабынан ушул жылдын 16-мартында кабыл алынган. Мындан тышкары, 3-сентябрда өткөрүп берүү актысы бекитилген, ага ылайык, «АТФБанк» ААКнын бардык мүлкү, укуктары жана милдеттери FHJB ААКсына өткөрүлүп берилген. Анын ичинде Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген «Оптима Банк» да бар.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Банктын акционерлеринин реестринде акциялардын 5 жана андан ашык пайызына ээ болгон баалуу кагаздардында өзгөрүүлөр болгон, тактап айтканда, «АТФБанк» ААКы FHJB ААК менен алмаштырылган.
Ошол эле учурда, «АТФБанк» ААКнын FHJB ААК менен биригиши, банктын уставдык капиталындагы үлүшүнүн өзгөрүшүнө алып келген эмес.
Аталган банк Казакстандын жана Кыргызстандын көзөмөл органынан уруксат алгандан кийин, Jysan Bank «Оптима Банктын» башкы компаниясы болгон «АТФБанктын» 99.76% акцияларын сатып алган.
Жогорудагы маалыматтарга карабастан, «Оптима Банк» ААКнын учурдагы бардык кызматтары адаттагыдай эле ишин уланта берээрин белгилей кетүү керек.