> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Самат Ибраев бизнесмендерге 35 млн доллар карыз – Токтайым Уметалиева
- URL: https://im.kg/all/2021/10/04/samat-ibraev-biznesmenderge-35-mln-dollar-karyz-toktajym-umetalieva/
- Published: 2021-10-04T12:40:33.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ишкерлер парламенттин депутаты Самат Ибраевге, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгоону суранууда. Бул тууралуу [24.kg ](https://24.kg/vlast/209180%5Fnadeputata%5Fsamata%5Fibraeva%5Fiego%5Fsyina%5Fpojalovalis%5Fvgknb%5Figenprokuraturu/)маалымат агенттигине коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева билдирди.**

Анын айтымында, Ак үйдүн алдындагы митингге эл өкүлүнүн ишмердигинен жабыркаган ишкерлер митингге чыгышкан.

Самат Ибраев арматура ташуу менен алектенген **«Строй Мир»** компаниясын ачкан. 2017-жылы ишкерлер кирешеден пайыздарды алуу үчүн компанияга инвестиция салышкан. Бир канча убакыттан кийин Самат Ибраев дивиденддерди убагында бербей, кийин таптакыр берүүнү да токтоткон. 

> «Кийинчерээк дагы бир нече фирмаларды ачып, аларды уулу Данияр Ибраевге, эжеси Эркингүл Ибраеваганы жана аялына каттаткан. Расмий түрдө Башкы прокуратурага, УКМКга жана президентке **32 адам** кайрылган. Самат Ибраев төлөбөгөн болжолдуу сумма **35 млн долларды түзөт.** «Саякбай Каралаев» атындагы фондду жетектеген депутат өзүн жакшы көрсөткөнү менен иш жүзүндө чоң суммадагы акчага элди алдаган», – дейт Токтайым Үметалиева.

Эскерте кетсек, дал ушул эл өкүлү Самат Ибраев УБты көз карандысыздыгынан [ажыратуу максатында](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/23/deputattar-uluttuk-bankty-k-z-karandysyzdygynan-azhyratuunu-k-zd-sh-d/) **КРнын Улуттук банкы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси** менен чыкканын юрист Сания Токтогазиева тынчсызданып жазып чыккан эле.