Самат Ибраев бизнесмендерге 35 млн доллар карыз – Токтайым Уметалиева
Ишкерлер парламенттин депутаты Самат Ибраевге, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгоону суранууда. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева билдирди.
Анын айтымында, Ак үйдүн алдындагы митингге эл өкүлүнүн ишмердигинен жабыркаган ишкерлер митингге чыгышкан.
Самат Ибраев арматура ташуу менен алектенген «Строй Мир» компаниясын ачкан. 2017-жылы ишкерлер кирешеден пайыздарды алуу үчүн компанияга инвестиция салышкан. Бир канча убакыттан кийин Самат Ибраев дивиденддерди убагында бербей, кийин таптакыр берүүнү да токтоткон.
«Кийинчерээк дагы бир нече фирмаларды ачып, аларды уулу Данияр Ибраевге, эжеси Эркингүл Ибраеваганы жана аялына каттаткан. Расмий түрдө Башкы прокуратурага, УКМКга жана президентке 32 адам кайрылган. Самат Ибраев төлөбөгөн болжолдуу сумма 35 млн долларды түзөт. «Саякбай Каралаев» атындагы фондду жетектеген депутат өзүн жакшы көрсөткөнү менен иш жүзүндө чоң суммадагы акчага элди алдаган», – дейт Токтайым Үметалиева.
Эскерте кетсек, дал ушул эл өкүлү Самат Ибраев УБты көз карандысыздыгынан ажыратуу максатында КРнын Улуттук банкы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси менен чыкканын юрист Сания Токтогазиева тынчсызданып жазып чыккан эле.