Республикага 3 млн тонна көмүр керек, бирок «Кыргызкөмүрдө» 200 миң тонна гана даяр

Күз-кыш мезгилинде КР 3 млн тонна көмүр жагат, бирок учурда «Кыргызкөмүр» ишканасы 200 миң тонна гана берүүгө даяр. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов «Биринчи Радиодогу» маегинде билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, КР бир сезондо 3 млн тонна көмүр жагат, анын 1 млн 200 миң калк жагат. 240 миң тоннасы социалдык объекттерге кетет. 1 млн 600 миң тоннасын жылуулук борбору жагат, анын 600 миңи Казакстандан импорттолот.

Учурда республикада лицензиясы бар 45тей жеке менчик көмүр казган ишкана бар жана анын ичинен экөө мамлекеттики. Эң чоң көлөмдөгү көмүр «Кара-Кечедеги» бассейнде казылат.

Мирлан Жакыповдун айтымында, «Кара-Кече» акыркы 4-5 жылдан бери 455 миң тоннадан казып келе жаткан. Бирок быйыл өткөн жылга салыштырмалуу август айында 50%га артта калышкан.

«Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу август айында 50%га артка калыптырбыз. Буга «Кара-Кечедеги» аба ырайынын шарттары себеп болду. Көмүр катмарын ачкан иштер токтоп калган. Сентябрь айында күн жакшы болгондуктан жакшы казып, ал 20% болду. Анын үстүнө «Кыргызкөмүрдүн» ичинде маселелер болгон, бирок азыр баары ордуна келди. Учурда бардык ишканалар штаттык режимде иштеп жатат», – деди ишкананын директору.

«Кыргызкөмүрдүн» мурдагы жетекчилиги көмүрдү 15-сентябрда беребиз деп убада берген. Бирок аба ырайы жылуу болгондугуна байланыштуу көмүр казуу улантылган. Себеби, сентябрда 20 миң тонна берип эле токтоп калмак.

«Учурда «Кыргызкөмүр» 200 миң тонна жүктөгөнгө даяр, жумуш дагы деле жүрүп жатат», – деди ал.

Бирок дал ушул эле маегинде Мирлан Жакыпов КР 3 млн тонна көмүр керектейт деп айткан.