> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия КРга кошумча КММ берүүгө макул болду
- URL: https://im.kg/all/2021/10/05/rossiya-krga-koshumcha-kmm-ber-g-makul-boldu/
- Published: 2021-10-05T13:00:53.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Россия менен бажы алымдарысыз күйүүчү майдын кошумча көлөмүн алууга макулдашты. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Канат Эшатов бүгүн [24.kg ](https://24.kg/ekonomika/209330%5Frossiya%5Fsoglasilas%5Fdat%5Fkyirgyizstanu%5Fdopolnitelnoe%5Fbesposhlinnoe%5Ftoplivo/)маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, сентябрь айынын башында республикада КММсыз калуу коркунучу бар болчу. Бирок Экономика менен Энергетика министрлиги бул маселени чечүүгө тез кам көргөн.

> «Биз бензиндин индикативдик балансын 650 миң тоннага чейин жана дизель майынын көлөмүн 550 миң тоннага чейин жогорулатууга жетиштик. Бул көлөмдөр бизге жылдын аягына чейин жетиштүү болот. Эми көп тынчсызданбай койсок болот», – деди Канат Эшатов.