> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дастан Бекешев: тажик тарап КРга электр энергиясын саткан жокпуз деп жатат
- URL: https://im.kg/all/2021/10/06/dastan-bekeshev-tazhik-tarap-krga-elektr-energiyasyn-satkan-zhokpuz-dep-zhatat/
- Published: 2021-10-06T11:31:16.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Тажик тарап КРга электр энергиясын саткан жокпуз деп жатат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев бүгүн, 6-октябрда ЖКнын жыйынында айтты.**

> «Тажик тарап КРга электр энергиясын саткан жокпуз деп жатат. Парламентте так маалымат жок. Бийлик элди алдап атса, өкмөттү чакыралы, маалымат берсин», – деди депутат.

Андан тышкары, КРга Бекешев мөөнөтү өткөн AstraZeneca вакцинасы келип жатканын жана өткөн жылы «кызыл зонада» иштеген врачтар эмгек акысын албаганын да баса белгиледи.

> «Мөөнөтү бүткөн вакцинаны өлкөгө ким алып келди? Ким жооп берет?», – деди ал.

Ал белгилегендей, вакцинанын мөөнөтү бүткөндүктөн, жарандар экинчи дозаны өз убагында ала алышкан эмес.