> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕРӨБ Кербен шаарын таза суу менен камсыздоого 6.5 млн евро бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2021/10/06/er-b-kerben-shaaryn-taza-suu-menen-kamsyzdoogo-6-5-mln-evro-b-l-t/
- Published: 2021-10-06T14:17:17.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кербен шаарынын таза суу тармагы менен канализациясын жаңыртуу багытында 6.5 млн евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя каражатын бөлөт. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев ЖКнын бүгүнкү жыйынында билдирди.**

Анын ичинде 2.5 млн евро гранттык каражат болуп саналат. Насыя 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Ал мэрия менен сууканал ишканасы тарабынан жабылууга тийиш.

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ошондой эле Мамкурулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында, ЕРӨБ Ноокат шаарынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын таза суу тармагы менен саркынды сууларды чыгаруу тутумун жаңыртуу багытында жалпысынан **4.8 млн евро** өлчөмүндө каражат бөлөт, анын ичинде **2.2 млн евро гранттык каражат** болуп саналат. Насыя **15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү** менен берилүүдө. Ал мэрия менен шаардын сууканал ишканасы тарабынан жабылууга тийиш.

Эскерте кетсек, ЖКнын ушул эле жыйынында мамкурулуштун жумушунун жыйынтыгына депутаттар[ канааттанышкан жок.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/06/deputattar-arhitektura-kurulush-zhana-turak-zhaj-agenttiginin-ishine-naarazy-zhyjyntyk-zhok/)