> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Министрлер кабинети тууралуу» мыйзам ишке кирсе, кызматкерлер 30%га кыскарат
- URL: https://im.kg/all/2021/10/06/ministrler-kabineti-tuuraluu-myjzam-ishke-kirse-kyzmatkerler-30-ga-kyskarat/
- Published: 2021-10-06T15:25:01.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Министрлер кабинети тууралуу» мыйзам ишке киргенден кийин өкмөттө иштеген кызматкерлер 30%га кыскарат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров бүгүн, 6-октябрда ЖКда депутат Айнура Осмонованын суроосуна жооп берип жатып айтты.**

Кыскартууга туш болгон кызматкерлерге тиешелүү компенсация төлөнүп берилет. 

> «Эмгек кодекси боюнча кенемте төлөнөт. Буга каражат бар. Эми өкмөттүк аппаратка чейин көтөрүлгөн кызматкерлер ишсиз калбайт деп ойлойм. Ал эми иш таба албагандар арга жок, жумушсуздук боюнча жөлөк пул алышат», – деди ал.

Акылбек Жапаровдун айтымында, учурда Кыргызстанда президенттен тартып, катардагы жумушчуларга чейин жалпы **368 миң адам бюджеттен** айлык алат.