> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРга Россиядан 45 миң тонна буудай импорттолду
- URL: https://im.kg/all/2021/10/07/krga-rossiyadan-45-mi-tonna-buudaj-importtoldu/
- Published: 2021-10-07T10:03:01.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанга Россиядан 45 миң тонна буудай импорттолду. Бул тууралуу Биринчи Радиого Кыргыз тегирменчилер бирикмесинин төрагасы Рустам Жунушов билдирди.** 

Эскерте кетсек, 2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндери **35%га аз** жыйналган, тагыраак айтканда, бул 280 миң тоннага аз. Мындай маалыматты Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков [билдирген болчу.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/15/byjyl-dan-eginderi-35-ga-az-zhyjnaldy-ministr-bildirdi/)

Анын берген маалыматына таянсак, быйыл **473 гектар** жерге кылкандуу дан эгиндери себилген. Анын ичинде **250 гектары буудай**.

> «Биз акыркы жылдарда өзүбүзгө жетиштүү деңгээлде азыктык буудай **өндүрбөйбүз**. Бул республикадагы материалдык резервдин фондусундагы азыктын көлөмү мурда 80 миң тоннанын тегереги болсо, бүгүнкү күндө республикада тендер өткөзүлүп, Россиядан сапаты жогору азыктык буудай алынып келип жатат. Болжолдуу 3 айга камсыз боло турган буудай болот», – деген министр. 

Ал эми Улутстаткомдун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) **230.7 миң гектар** аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **3.3%га аз жана 285 миң тоннага жакын же 52%га аз** дан бастырылган.

Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы – 41.4%га, арпа – 57.9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 31.2%га, картошка – 6.3%га жана бакча өсүмдүктөрү – 3.5%га кыскарган.

Ошондой эле учурда республика боюнча 17 комбинат иштеп жатат. Кыргыз тегирменчилер бирикмесинин төрагасынын айтымында, Казакстанда буудайдын баасы жогору болгондуктан, алар Россияга барып келишим түзүшкөн.

> «Россиянын 4-5 аймагына барып келишимдерди түздүк. Учурда 45 миң тонна буудай кирди. Келишим боюнча дагы калган көлөмдөрдү күтүп атабыз», – деди ал.