> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын мамлекеттик карызы июль айында 47 млн долларга кыскарды
- URL: https://im.kg/all/2021/10/07/kyrgyzstandyn-mamlekettik-karyzy-ijul-ajynda-47-mln-dollarga-kyskardy/
- Published: 2021-10-07T14:33:11.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын мамлекеттик карызы 31-июлга карата 4 млрд 874 млн долларды (413 млрд 142 млн сом) түздү. Мындай маалыматты Экономика министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.**

> Өткөн айга салыштырмалуу карыздын көлөмү 47 млн долларга азайган, ал эми республиканын тышкы карызы дээрлик **4 млрд 163 млн долларга, ички карызы –** **711 млн долларга** жеткен.

Министрликтин маалыматы боюнча, мамлекеттин карызы быйыл болжолдонгон **ИДПнын 65%ын** түзөт. Белгилей кетсек, Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстанга 2025-жылга чейин мамлекеттик карызды ИДПнын 60%дан төмөн түшүрүү аракетин көрүүнү [сунуштаган. ](http://localhost/info-portal/novosti/2021/04/02/mvf-rekomendoval-kyrgyzstanu-sokratit-gosdolg-do-urovnya-nizhe-60-vvp/)Антпесе, келечекте республиканын экономикасынын төмөндөп кетүү коркунучу бар экендигин белгилешкен.