> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Араб делегациясы Бишкекте – алар мейманкана бизнесине кызыкдар
- URL: https://im.kg/all/2021/10/08/arab-delegaciyasy-bishkekte-alar-mejmankana-biznesine-kyzykdar/
- Published: 2021-10-08T10:03:38.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 7-октябрда Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы Бишкекке келди. Делегациянын курамында бизнести өнүктүрүү, тоо-кен, айыл чарба жана санариптик секторунун директору Али Алрашди башында турган Royal Group компаниясынын өкүлдөрү бар. Бул тууралуу Инвестиция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Визиттин жүрүшүндө, араб делегациясынын өтүнүчү боюнча, министрлик мейманкана жана бизнес борборлорунун, курорттук комплекстердин курулушунун долбоорлорун изилдөө үчүн Бишкектин жана Ысык-Көл облусунун ар кандай объектилерине саякаттарды уюштурат.

> Арабдар көлдүн жээгиндеги бизнеске жана тоолуу райондордогу мал чарбасы тармактарына кызыкдар.

Белгилей кетсек, бул сапар БАЭнин Энергетика жана инфраструктура министри Сухейл аль-Мазруи башында турган БАЭ делегациясынын 2021-жылдын 2-4-сентябрында болгон мурдагы сапарынын жыйынтыгы менен уюштурулган.