> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк банк Кыргызстандын сүт тармагын өнүктүрүүгө 17 млн доллар бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2021/10/08/d-jn-l-k-bank-kyrgyzstandyn-s-t-tarmagyn-n-kt-r-g-17-mln-dollar-b-l-t/
- Published: 2021-10-08T14:05:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ЖКнын кечээ, 7-октябрдагы жыйынында депутаттар КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы «Каржылоо жөнүндө макулдашууну («Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу долбоорун кошумча каржылоо») ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.** 

Ошондой эле 2017-жылдын 10-августундагы КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору да жактырылды. 

Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев ЭӨАнын келишимине ылайык, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында уйдун тукумун жакшыртууга жана сүт өндүрүүнү жогорулатууга **17 млн доллар** бөлүп жатканын айтты.

> «Бул долбоордун экинчи фазасы, аны каржылоо донорлор тарабынан Ысык-Көл облусунда ишке ашырылган 5 млн доллар өлчөмүндөгү биринчи пилоттук фаза ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин жактырылган», – деди ал. Үчүнчү фазада Чүй жана Жалал-Абад облустарында сүт секторун өнүктүрүү пландаштырылууда.

> Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашевдин айтымында, насыя **38 жылдык мөөнөткө 0.75% үстөк** менен берилет. Бул келишимдин алкагында 10 миң фермер 3 жылдык мөөнөткө **1.5 миң доллардан насыя** ала алат.