> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Камсыздандыруу төгүмдөрү 9 айда 675 млн сомго ашык жыйналган – Салык кызматы
- URL: https://im.kg/all/2021/10/08/kamsyzdandyruu-t-g-md-r-9-ajda-675-mln-somgo-ashyk-zhyjnalgan-salyk-kyzmaty/
- Published: 2021-10-08T10:13:45.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы 2021-жылдын 9 айында белгиленген пландан 675 млн сомго көп камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү **4451 млн сомго** көп жыйналган же өсүү ыргагы **119%ды** түзгөн.

> Анын ичинде сентябрь айында камсыздандыруу төгүмдөрү 3 195 млн сом суммасында түшүп, 44.6 млн сомго көп болгон, болжолдуу көрсөткүчтөр 101.4% га аткарылганын МСК кабарлады.

Мындан тышкары, быйылкы жылдын 9 айында камсыздандыруу полистери боюнча жыйым 654.4 млн сом суммасында алдын ала камсыздалган, бул болжолдон 12 млн сомго көп.