Январь-августта Россиянын КРга экспортунун көлөмү 1.3 млрд долларды түзгөн

Январь-августта Россиянын КРга экспортунун көлөмү 1.3 млрд долларды түзгөн. Мындай маалымат Россиянын Федералдык бажы кызматынын маалымат базасында берилген.

Январь-августта Россиядан экспорттолгон товарлардын көлөмүнүн суммасы 1.3 млрд долларды түзгөн, ал эми Кыргызстандан импорт 214 млн долларды түзгөн.

Январь-август айларында Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 1.5 млрд доллар болгон.

Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн динамикасы 2021-жылдын январь-августунда

(млн доллар менен)

Эскерте кетсек, Ысык-Көлдө 19-августта өткөн бизнес-форумда Акылбек Жапаров РФ менен товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү керектигин айткан болчу.