> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электрондук эсеп-фактуралар киргизилгенден кийин КНС көп түшө баштады – Салык кызматы
- URL: https://im.kg/all/2021/10/11/elektronduk-esep-fakturalar-kirgizilgenden-kijin-kns-k-p-t-sh-bashtady-salyk-kyzmaty/
- Published: 2021-10-11T10:47:48.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:17:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактуралар киргизилгенден кийин КНС боюнча түшүүлөр акырындап көбөйө баштаганын белгиледи.**

> 9 айда КНС боюнча түшүүлөр **29 млрд 426 млн сомду** түзгөн, бул 2020-жылдын ушул мезгилинен 9 млрд 868 млн сомго көп.

2021-жылдын 1-октябрына карата система ишке киргенден бери 15 439 ишкер электрондук эсеп-фактураларды колдонуп келишкен, алар жалпы жүгүртүүдөгү **1 трлн 222 млрд 490 млн 261 327 сомго** 8 489 698 электрондук эсеп-фактураларды тариздешкен.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып бардык КНС төлөөчүлөр жана товарлардын импорттоо жана/же экспорттоо менен алектенген субъекттер ЭЭФны милдеттүү түрдө колдонууга өтүшкөн.