> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн КРга 18 млрд киловатт-саат электр энергиясы керек
- URL: https://im.kg/all/2021/10/11/energetikalyk-k-z-karandysyzdykka-zhet-ch-n-krga-18-mlrd-kilovatt-saat-elektr-energiyasy-kerek/
- Published: 2021-10-11T12:10:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:14:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн Кыргызстан электр энергия өндүрүшүн 18 млрд киловатт-саатка чейин көбөйтүшү керек. Бул тууралуу Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров «Коомдук диалог: Жаңы экономикалык саясат» конференциясында билдирди.**

Анын айтымында, бүгүнкү күндө энергетика тармагы ата мекендик экономиканын эң көйгөйлүү багыттарынын бири болуп саналат. 30% критикалык эскирүү болсо, энергетика секторунда бул көрсөткүч 80%ды түзөт. Бишкек ТЭЦинде жабдуулар болсо 60%га эскирген.

> «Жыл сайын республикада электр энергиясын колдонуу **4-6%га өсүүдө.** Бүгүнкү күндө электр энергиясына болгон тартыштык жана суроо-талап дээрлик 6 млрд киловатт-саатты түзөт. Электр энергиясын жаратууга дагы бизге кайра энергия булактары керек. КРда күндүн потенциалы 490 млн киловатт-саат, ал эми шамалдын потенциалы 44.6 млн киловатт-саат. Суунун потенциалын колдонуу жана жаңы технологияларды киргизүү гана биздин азык-түлүк туруктуулугубузду, керектөөбүздү камсыздайт», – деди Жапаров.