> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министрлер кабинетинин курамы өзгөрүшү мүмкүн – төрагалыкка Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралууда
- URL: https://im.kg/all/2021/10/11/ministrler-kabinetinin-kuramy-zg-r-sh-m-mk-n/
- Published: 2021-10-11T12:38:42.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:48:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин курамы өзгөрүшү мүмкүн. [Азаттык](https://rus.azattyk.org/a/v-kyrgyzstane-soobschaetsya-o-planah-pomenyat-sostav-kabmina/31502903.html) өздүк булактарынын берген маалыматына таянып, министрлер кабинетинин төрагалыгына учурдагы Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралып жаткандыгын жазып чыкты.**

Министрлер кабинетинин курамында башка өзгөрүүлөр да болушу мүмкүн, алар расмий түрдө 12-октябрда жарыяланат. УКМКнын азыркы башчысы Камчыбек Ташиев учурдагы кызматын сактап калуу менен бирге коопсуздук маселелерин тейлеген вице-премьер-министр болуп дайындалышы мүмкүн.

Азаттыктан билдиргендей, президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган жок, бирок четке да каккан эмес.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 5-майында президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койгондон кийин, өкмөт министрлер кабинетине өзгөртүлүп, министрлер кабинетинин жаңы курамы жана структурасы бекитилген.