> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12.6 млн доллар карызын кечет
- URL: https://im.kg/all/2021/10/12/el-aralyk-valjuta-fondu-kyrgyzstandyn-12-6-mln-dollar-karyzyn-kechet/
- Published: 2021-10-12T12:12:47.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын Эл аралык валюта фондуна (ЭВФ) карызы 12.6 млн долларга кыскарат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) Аткаруу Кеңеши 2021-жылдын 6-октябрында аз камсыз болгон 24 мамлекетке, анын ичинде Кыргыз Республикасына, Табигый кырсыктардан сактоо жана жардам көрсөтүү фондунун (CCRT) алкагында карыздарды кечүү боюнча чечимди жактырды.

> «Бул карыздын жеңилдетилиши саламаттыкты сактоо секторуна каражат бөлүү үчүн финансылык ресурстарды бошотууга жана COVID-19 пандемиясынын таасирин азайтуу үчүн экономикалык колдоо көрсөтүүгө жардам берет», – деп билдирди Экономика министрлиги.

Буга чейин Кыргызстанда Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкы менен карызды тейлөөнү кийинкиге калтыруу боюнча келишимди талкуулоо тууралуу да айтылган. 51.1 млн долларды 6%га жылдык 2% үстөк менен төлөөнү кийинкиге калтыруу сунушталууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын [мамлекеттик карызы](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/08/09/kyrgyzstandyn-mamlekettik-karyzy-zhyl-bashynan-beri-7-mln-dollarga-kyskardy-birok-dagy-ele-k-p/) (тышкы + ички) жылдын ортосунда **4 млрд 921 млн долларды** (416 млрд 630 млн сом) түзгөн.