> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын  IT адистеринин кызматтарын эң көп АКШ колдонот
- URL: https://im.kg/all/2021/10/12/kyrgyzstandyn-it-adisterinin-kyzmattaryn-e-k-p-aksh-koldonot/
- Published: 2021-10-12T14:32:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын IT адистеринин кызматтарын эң көп АКШ колдонот. Бул тууралуу [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) басылмасына Жогорку Технологиялар паркынын аткаруучу директору Чубак Темиров билдирди.** 

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын IT тармагынын кызматтарынын **35%ын** колдонот, андан кийин Казакстан, Россия, Улуу Британия, Япония жана башка өлкөлөр турат.

> «ЖТП жөнүндөгү мыйзам 2011-жылы кабыл алынган, анда биз 13 компаниядан баштаганбыз, азыр ЖТПнын резиденттеринин саны 114кө жетти. Акча жүгүртүү 13 млн сомдон 1 млрд 200 млн сомго чейин өстү. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча биздин компаниялар буга чейин дээрлик 1 млрд киреше алышкан. Бул жылдын максаты 2 млрд сомго жетүү», – деген Чубак Темиров.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы 2021-жылдын экинчи кварталы боюнча берген [отчетуна ылайык,](https://www.facebook.com/HTP.KG/posts/3156656337944314) ушул жылдын II кварталында ЖТПнын кирешеси дээрлик **5.3 млн долларды** түзгөн, бул 2020-жылдын экинчи кварталына караганда 80%га көп. 2021-жылга карата киреше – **9.5 млн долларга** жетти.

> ЖТП бул кварталда мамлекетке дээрлик **88 миң доллар** салык төккөн.