> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлүп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү – эми ЖТПнын директорун Министрлер кабинети дайындайт, дос-тууган, тааныштарын
- URL: https://im.kg/all/2021/10/12/l-p-tapkan-balamdy-rd-k-chokup-lt-rd-antkeni-emi-zhtpnyn-direktorun-ministrler-kabineti-dajyndajt-dos-tuugan-taanyshtaryn/
- Published: 2021-10-12T15:59:26.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:06:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Санариптик өнүктүрүү министрлиги «КРнын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» [мыйзам долбооруна](https://www.gov.kg/ky/npa/s/3343) ылайык, Жогорку Технологиялар Паркынын директорун Министрлер Кабинети дайындайт.** 

Ага ылайык:

> «ЖТПнын дирекциясы өз ишин КРнын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген жобонун негизинде жүргүзөт. 

> ЖТПнын дирекциясын КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан **кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт**», – деп айтылат документте.

Эскерте кетсек, ЖТП – КРгы ийгиликтүү иш алпарган Биримдиктердин бири болуп саналат. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 2020-жылы Жогорку технологиялар паркынын 50 компаниясы өлкөнүн бюджетине **36 млн 117 миң сом** төккөн. Ал эми 2021-жылы ЖТПнын резиденттери социалдык чегерүүлөрдү кошкондо дээрлик **24 млн сомдон** ашык мамлекетке салык төлөгөн.

**ЖТПнын резиденттеринин 2013-2019-жылдар аралыгындагы жылдык кирешеси**

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/10/ZhTP.jpg)

*5 жылдык отчет ЖТПнын берген маалыматына ылайык көрсөтүлдү*

> Парктын 2021-жылдын экинчи кварталы боюнча [отчетунда](https://www.facebook.com/HTP.KG/posts/3https://www.facebook.com/HTP.KG/posts/3156656337944314156656337944314) ЖТПда 83 резидент компания иштейт жана алар **963** адамды жумуш менен камсыз кылат.