> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министр-бизнесмен – Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кандай бизнестерге ээлик кылат?
- URL: https://im.kg/all/2021/10/12/ministr-biznesmen-salamattyk-saktoo-ministri-alymkadyr-bejshenaliev-kandaj-biznesterge-eelik-kylat/
- Published: 2021-10-12T10:46:17.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:49:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Саламаттыкты сактоо министри ээлик кылган «Беймарал» микрокредиттик компания лицензиясыз иш алпарат. Мындан тышкары, министрдин жеке менчик мектеби, Ысык-Көлдө 15 гектар жери, 75 котеджи жана башка бизнестери бар. Бул тууралуу Factcheck.kg. басылмасынын [иликтөөсүндө](https://factcheck.kg/ky/glava-minzdrava-vladeet-chastnoj-shkoloj-a-ego-supruga-kottedzhnym-posyolkom-na-163-zhilyh-pomeshheniya/) айтылат.** 

Басылманын берген маалыматына таянсак, Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри кызматына келгенден алты ай өткөндөн кийин, «Чечей» коомдук бирикмесинин негиздеген жана ал «Джал», 29\. кичи районунда катталган.

> Министрдин «Беймарал» микрокредиттик компаниясы ушул эле даректе жайгашкан. Ал 2012 -жылы негизделген. Ишкана 2015-жылга чейин 71 миң сом салык төлөгөн. Улуттук банктын маалыматы боюнча, анын лицензиясы жок.

Алымкадыр Бейшеналиев дагы «Арча Бешик» мектеп комплексинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 2018-жылы катталган. Мекемеде 400 бала тарбияланат. Жылдык окуу акысы 27 миң сомду түзөт.

- «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматчыга уюштуруучулук жөндөмүнө карабастан, жеке ишкердик иш менен алектенүүгө, чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга тыюу салынат.

> Бейшаналиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы болуп дайындалгандан кийин, анын жубайы Замира Кулматова Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан «Париж КО» ЖЧКсынын негиздеген. Бул компания Ысык-Көлдөгү коттедждерди сатуу жана ижарага алуу менен алектенет. Аймактын жалпы аянты 15 гектар, 75 коттедж, 88 батир, 10 ысык булак, көлмөнүн 7 гектарын ээлейт, ошондой эле эки пляж бар.

Чиновниктин уулунун аты Мар. Ал Алымкадыр Бейшеналиевдин фирмасы менен бир даректе жайгашкан «Драйв» ЖЧКсынын башчысы.