> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн
- URL: https://im.kg/all/2021/10/12/sentyabrda-iri-kompaniyalar-460-mln-somduk-salykty-bjudzhetke-avans-katary-t-l-shk-n/
- Published: 2021-10-12T13:44:55.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Сентябрь айында ири компаниялар 460 млн сомдон ашык суммадагы салыктарды алдын ала төлөшкөн. Бул тууралуу [osoo.kg](https://www.osoo.kg/news/v-sentyabre-krupnye-kompanii-vyplatili-nalogov-avansom-na-summu-bolee-460-mln-somov/) билдирди.**

2021-жылдын сентябрь айында КРнын ири салык төлөөчүлөрү салыктын ар кандай түрлөрү боюнча **аванс катары** бюджетке **460 млн сомдон ашык** акча төлөшкөн. Мамлекетке эң ири төлөмдөр төмөнкү компаниялар тарабынан аткарылган:

- «Түштүк Кыргыз Цемент» ЖАК– **155.8 млн сом**
- «Газпромнефть-Азия Оперейтинг компаниясы» ЖЧК – **170 млн сом**
- «Альфа Ойл» ЖЧК – **50 млн сом**
- «Альфа Телеком» ЖАК – **20 млн сом**
- «Теллур» ЖЧК – **10 млн сом**
- Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы – **6 млн сом**
- «Партнер Нефть» ЖЧК – **4 млн сом**

Ушул жылдын сентябрь айында аванс менен салык төлөгөн ири компаниялардын катарында «КАЗ Минерал Бозымчак» ЖЧК, «Автомаш Радиатор» ЖЧК, «ТД Сласть» ЖЧК, «Горно-промышленная компания Природное золото» ЖЧК, «ПЭЙ 24» ЖЧК жана «Бакай», «Бай-Түшүм», «Оптима», «Керемет Банк», «Капитал Банк», «Айыл Банк» банктары бар.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/10/nalog-avans-1024x536.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/10/nalog-avans.jpg)  
Жарыяланган күнү: 12 -октябрь, 2021