> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров: 2022-жылы бюджетти 400 млрд сомго жеткиребиз
- URL: https://im.kg/all/2021/10/13/akylbek-zhaparov-2022-zhyly-bjudzhetti-400-mlrd-somgo-zhetkirebiz/
- Published: 2021-10-13T12:14:58.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жылдын аягында мамлекеттик бюджеттин ресурстук бөлүгүн 280 млрд сом менен аяктайбыз, 2022-жылы 400 млрд сомго, 2023-жылга 500 млрд сомго, 2024-жылы 600 млрд сомдун тегерегине жеткиребиз. Мындай убаданы Акылбек Жапаров бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында берди.**

Жаңы дайындалган Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров ИДПнын дээрлик басымдуу бөлүгү көмүскөдө тургандыктан, контрабанданы, көмүскө экономиканы ачыктоо менен гана бул милдеттенмелерди аткара ала тургандыгын айтты.

> «Президент конкреттүү милденттенмелерди берди. Биринчиден, республикалык, жергиликтүү бюджеттин ресурстук бөлүгүн жогорулатуу жана капиталга, техникага болгон жеткиликтүүлүктү камсыздоо, жер ресурстарын туура пайдалануу, адам капиталын өстүрүү», – деп белгиледи ал.