Акылбек Жапаров: 2022-жылы бюджетти 400 млрд сомго жеткиребиз

Жылдын аягында мамлекеттик бюджеттин ресурстук бөлүгүн 280 млрд сом менен аяктайбыз, 2022-жылы 400 млрд сомго, 2023-жылга 500 млрд сомго, 2024-жылы 600 млрд сомдун тегерегине жеткиребиз. Мындай убаданы Акылбек Жапаров бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында берди.

Жаңы дайындалган Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров ИДПнын дээрлик басымдуу бөлүгү көмүскөдө тургандыктан, контрабанданы, көмүскө экономиканы ачыктоо менен гана бул милдеттенмелерди аткара ала тургандыгын айтты.

«Президент конкреттүү милденттенмелерди берди. Биринчиден, республикалык, жергиликтүү бюджеттин ресурстук бөлүгүн жогорулатуу жана капиталга, техникага болгон жеткиликтүүлүктү камсыздоо, жер ресурстарын туура пайдалануу, адам капиталын өстүрүү», – деп белгиледи ал.