> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК ислам принциптерине ылайык иш жүргүзүү укугуна ээ болду
- URL: https://im.kg/all/2021/10/13/kommerciyalyk-bank-kyrgyzstan-aak-islam-principterine-ylajyk-ish-zh-rg-z-ukuguna-ee-boldu/
- Published: 2021-10-13T22:41:20.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:16:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК ислам принциптерине ылайык иш жүргүзүү укугуна ээ болду. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.**

> КРнын Улуттук банкынын Башкармасы 2021-жылдын 13-октябрында улуттук жана/же чет өлкө валюталарында «ислам терезеси» аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын жүргүзүү укугуна «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коомуна лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгын маалымдады.