> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер толук ачылат
- URL: https://im.kg/all/2021/10/13/kyrgyz-kytaj-chek-arasyndagy-tk-rm-beketter-toluk-achylat/
- Published: 2021-10-13T15:23:34.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерине киргизилген чектөөлөр толук алынды. Бул тууралуу 13-октябрда Жогорку Кеңештин [жалпы жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=j3MFJUEMBso) Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди.**

> «Эки күндөн кийин “Торугарттан” 32 эмес, 64, “Эркеч-Тамдан” 22 эмес, 44 машина кире баштайт. Кытайдын талаптарынын баарын толук аткарып бүттүк. “Торугарт” бүгүнтөн баштап тоскоолдуксуз иштей баштады. “Эркеч-Там” эки-үч күндө ишин баштайт», – деди ал.

Кытайдан оор жүктөр ушул эки бекет аркылуу ташылып келет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу алар дээрлик жабылып, соодагерлер товарын ала албай калган. Мындан улам алар нааразылыгын билдирип, өкмөттөн маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн болчу.