> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктардын 26%ы гана инвестициялоо тажрыйбасына ээ
- URL: https://im.kg/all/2021/10/13/kyrgyzstandyktardyn-26-y-gana-investiciyaloo-tazhryjbasyna-ee/
- Published: 2021-10-13T16:01:33.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын 26%ы гана инвестициялоо тажрыйбасына ээ. Кыргызстандын тургундары арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына негизделген мындай маалыматтарды HeadHunter компаниясы берет.**

Белгилүү болгондой, кыргызстандыктардын 62%ы аракет кылгысы келет, бирок азырынча тобокелге барууга даяр эмес, 13%ы болсо инвестициянын маанисине кызыгышпайт деле. 

> Инвестициялык тажрыйбасы барлар көбүнчө **кыймылсыз мүлккө (33%)**, андан кийин **валютага (25%)**, акция менен **баалуу кагаздарга (17%)** жана **криптовалютага (17%)** инвестиция салышат. Респонденттердин дагы **8% бизнеске**, стартаптарга жана айыл чарбасына инвестиция салаарын билдиришкен.

Көбүнчө кыргыздар пассивдүү кирешени ушундай жол менен алууну үмүттөнүшөт (75%). Кээ бирлери бул кадамга негизги кирешеси керектөөсүнө жетпегендиктен барышканын (25%) айтышкан.

Ошол эле учурда респонденттердин 58% өз алдынча инвестициялоону үйрөнүшкөн, 17% адистештирилген тренингдерге жана курстарга катышкан, ал эми 25% дагы эле окуп жатышат.

> Дээрлик ар бир адам качандыр бир убакта инвестициядан түшкөн киреше менен жашоону кыялданат, бирок сурамжылоого катышкандардын **17%ы** гана инвестициядан түшкөн кирешеге толук канааттанат. Респонденттердин **50%ы** жарым-жартылай канааттанган, **25%ы** такыр канааттанбайт. **8%**ы азырынча алгачкы инвестициялык кирешесин ала элек.