> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МИК ААК мурда берилген ипотекалык кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/10/13/mik-aak-murda-berilgen-ipotekalyk-kreditterdin-pajyzdyk-chenderin-t-m-nd-t-t/
- Published: 2021-10-13T14:44:18.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүдө. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.**

Мамлекеттик ипотекалык компания **«**Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» турак жай программасынын жылдык пайыздык ченин төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алды.

Жылдык пайыздык чен этап-этабы менен төмөндөтүлөт, ал үчүн МИК ААКтын Өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык насыя алуучулары:

• мөөнөтү өткөн карыздарды жабуу  
• мөөнөтү өтүп кеткен камсыздандыруу полистерин жаңыртуу  
• банк менен карыз алуучунун ортосундагы учурдагы келишимдерге тиешелүү кошумча келишимдерди түзүү керек.

Толук маалымат алуу үчүн, банктын кураторуна кайрылуу зарыл.  
Пайыздык чендерди төмөндөтүү боюнча шарттары [www.gik.kg ](https://gik.kg/ru/?fbclid=IwAR2fFz6ya7qsB3v3vckGJJXl%5FB4BLKcdYaWjrjppZ6NX4Tn1L80gqQBh6zA)расмий порталында жарыяланган.