> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент: биз Жапаров менен макулдашып, келиштик
- URL: https://im.kg/all/2021/10/13/prezident-biz-zhaparov-menen-makuldashyp-kelishtik/
- Published: 2021-10-13T08:34:28.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик аппараттын жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып Акылбек Жапаровду дайындады.**

Акылбек Жапаровду жаңы Конституцияга ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчиси кызматына сунуштаганын мамлекет башчы Садыр Жапаров 12-октябрда жарыялады.

Ал социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына бул дайындоону Жапаров өлкө экономикасын кризистен алып чыгууга убада бергени менен түшүндүрдү.

> «Эмне себептен алмаштырды деген суроолор жаралат. Ар бир мамлекеттин эң негизги көйгөйү – бул казынаны толтуруу. Казына көбөйсө, элдин жашоосу жакшырат, пенсия-жөлөкпулдар, эмгек акылар көтөрүлөт, инфраструктура жана башка тармактар жакшырат. Мына ошондо гана күчтүү мамлекет боло алабыз.

> Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. Ал быйыл **казынаны 280 млрд сом менен жаап, эмдиги жылы 400 млрд сомго жакындатууга** сөз берди.

> Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, Өкмөт башына коюп, убакыт берели», – деди президент.