> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россия КРга бажы төлөмдөрүсүз берген бензиндин жана дизелдин көлөмүн көбөйтөт
- URL: https://im.kg/all/2021/10/13/rossiya-krga-bazhy-t-l-md-r-s-z-bergen-benzindin-zhana-dizeldin-k-l-m-n-k-b-jt-t/
- Published: 2021-10-13T14:15:47.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россия Кыргызстанга бажы төлөмдөрүсүз берген бензиндин жана дизелдин көлөмүн көбөйтөт. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы тиешелүү протоколго бир кечээ, 12-октябрда кол коюлган. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Белгиленгендей, кыргыз тараптан документке экономика жана каржы министринин орун басары Эльдар Алишеров, орус тараптан – энергетика министринин орун басары Павел Сорокин кол коюшту.

Стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө эки өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын эске алуу менен, КРгы мунай продуктыларына бааны турукташтыруу максатында, эки тарап 2021-жылга мунай продуктуларынын индикативдик балансын тууралашты жана 2022-жылга карата индикативдик баланска кол коюшту. 

> Тактап айтканда, бензиндин бажы төлөмсүз келген көлөмү 460тан 650 миң тоннага чейин (**+190 миң тонна**), дизель майы 485тен 550 миң тоннага (**+65 миң тонна**) чейин көбөйөт.

Белгилей кетсек, акыркы убакта Кыргызстанда бензиндин баасынын жогорулашы байкалууда. Сентябрда Кыргызстанда бензиндин баасы россиялык бензинге салыштырмалуу 2-3 сомго кымбаттаган.