> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров: «Кумтөрдүн» эсебинде 100 млн доллардан ашык каражат бар
- URL: https://im.kg/all/2021/10/14/akylbek-zhaparov-kumt-rd-n-esebinde-100-mln-dollardan-ashyk-karazhat-bar/
- Published: 2021-10-14T10:37:59.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын эсебинде 100 млн доллардан ашык акча каражаты бар экенин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 13-октябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.**

Ал депутаттарга «Кумтөр» өндүрүштүк процесстерден улам август айын кошпогондо, туруктуу иштеп жатканын айтты жана пландалган көлөм жылдын аягына чейин аткарыларына убада кылган.

> «22 жылдан бери алтындар өлкөдөн экспорттолгондон айырмаланып, бүгүнкү күндө ал бизде калууда. Салыктар түшүп жатат. 100 млн доллардан ашык «Кумтөр Голд Компанинин» эсебинде бар», – деди Жапаров.

Ошондой эле анын айтымында, Женевада болгон жолугушууда Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандын жарандарын кенде иштөөгө тартууга макулдугун берген.