> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бүгүн «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтүүдө
- URL: https://im.kg/all/2021/10/14/b-g-n-batkendi-n-kt-r-lk-n-n-kt-r-forumu-t-d/
- Published: 2021-10-14T11:04:49.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 14-октябрда Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтүүдө. Форумдун ишине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, атамекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышууда.**

> Бул иш-чара «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Президенттин Жарлыгы алкагында Баткен облусунун **экономикалык потенциалын кеңейтүү** жана **инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү**, ошондой эле жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында өтүүдө.